БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Кыргызстандын беш шаарына абанын сапатын көзөмөлдөөчү 11 станция орнотулат. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Раимкулова Жогорку Кеңештин тармактык жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Дүйнөлүк банктан 50 миллион доллар алынууда. Станциялар Бишкек, Ош, Кара-Балта, Токмок жана Чолпон-Атага курулмакчы.
"Мындан тышкары, абанын булганышын талдоо боюнча заманбап лаборатория жана маалымат борборун курууга керектүү документтерди даярдоо үчүн тендер өткөрүлүп жатат. Абанын сапатын ыкчам көзөмөлдөө үчүн эки мобилдик лаборатория сатып алуу боюнча да келишим түзүлдү", — деди Раимкулова.