Кыргызстанда геопарктарды түзүү боюнча демилге көтөрүлүп, даярдалган мыйзам долбоору талкууга түштү. Программанын максаты азырынча Ысык-Көл жана Баткен облусунда жайгашкан эки локацияны геопаркка айландырып, ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүү болууда. Мындан улам биз аталган программанын демилгечисин студияга чакырып, геопарктарды түзүүү, анын максаты, келечектеги орду ,туризм жана экологиялык маселелери менен тааныштык. Башкы сурообуз мындай жашыл аймак аркылуу өлкө казынасына кантип жана канча киреше алып келүү мүмкүнчүлүктөрү болду. Маекти бүгүнкү “Экономикалык панорама” уктуруусунан тыңдаңыз.