Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Sputnik
Жашыл мурас программасынын алкагында быйыл 9 млн түп дарак отургузуу пландалуудаАра жолдогу санкциялар жана кечиккен жардам. Зеленский Евробиримдикке нааразыЭсептөө палатасынын аудиторлорунун саны кыскарышы мүмкүнБүгүн Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында президент демилгелеген "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" конституциялык мыйзам долбоору каралып, экинчи жана үчүнчү окууда колдоо тапты. Мыйзам долбоорун тааныштырган Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов белгилегендей, анын максаты — Эсептөө палатасынын ишмердүүлүгүн укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү. Муну менен катар Эсептөө палатасынын аудиторлорунун санын тогуздан үчкө чейин кыскартуу сунушталууда. Комитет мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берип жатып, баяндамачы аудит жүргүзүү функциясын негизинен Эсептөө палатасынын инспекторлору аткарарын, ал эми аудиторлор жетектөөчү милдеттерди гана аркалай турганын маалымдады.
"Жашыл мурас" улуттук кампаниясынын алкагында жашылдандыруу иштери активдүү уланууда. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Жергиликтүү мамлекеттик органдардын маалыматына ылайык, жыл башынан бери республика боюнча 3 250 гектардан ашык жер аянтына 3 млн 820 миң 663 түп көчөт отургузулду. Учурда жаш көчөттөрдү сугаруу жана коргоо иштери планга ылайык жүргүзүлүүдө. Үстүбүздөгү жылы кампаниянын алкагында отургузула турган көчөттөрдүн санын 9 млн түпкө жеткирүү пландалууда. Бул көрсөткүч өлкөнүн экологиялык абалын жакшыртууга жана токой аянттарын кеңейтүүгө багытталган. Белгиленгендей, 2025-жылы өлкө аймагында жалпысынан 8 млн 239 миңден ашык бак-дарак отургузулган. Көчөттөр 6 420 гектар аянтты камсыздап, алардын өсүп кетүү көрсөткүчү 74,5 пайызды түздү.
Араван районундагы "Бирлик" үрөн чарбасы жаңы техника менен картошка эгүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бул техника талаада 5 жумушту бир эле учурда аткара алат. Ал дыйкандардын ишин жеңилдетип, талаа иштерин натыйжалуу жана ыкчам жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзөт."Эгер быйылкы жылы жаңы техника өзүнүн натыйжалуулугун көрсөтсө, келерки жылы бул технология башка дыйкандарга да сунушталат", — деп айтылат маалыматта.
Владимир Зеленский Евробиримдикти жаңы санкциялары жана көрсөтө турган колдоосу боюнча эч кандай жылыш жок экенин айтып сындады. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Анын айтымында, азырынча Евробиримдик тарабынан Россияга каршы санкциялардын кезектеги пакети боюнча да, Украинага 90 миллиард евро көлөмүндөгү жардам боюнча да чечим кабыл алына элек. Маалыматка ылайык, январь айынын аягында Киев "Дружба" мунай кууру аркылуу күйүүчү май транзитин токтоткон. Андан кийин Венгрия Украинага дизелдик отун өткөрбөй, Евробиримдиктин 90 миллиард евро көлөмүндөгү насыясын убактылуу бөгөттөп салган. Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто бул чечим Киев орус мунайынын транзитин саясий себептер менен жандандырбай жатканына жооп катары кабыл алынганын билдирген.