Эс тутумду сактоо жана начарлоосун алдын алуу — невролог менен маек

Sputnik
Эс тутум – адамдын мээсинин эң маанилүү функцияларынын бири. Ал адамга маалыматты эстеп калууга жана күнүмдүк иштерди оңой аткарууга жардам берет. Кээде унутчаактык, амнезия же мээнин ооруларынан улам эс тутум бузулушу мүмкүн. Эс тутумду сактоо үчүн спорт менен машыгуу, туура тамактануу жана акыл-эс көнүгүүлөрү абдан пайдалуу. Бирок мунун бары комплекстүү болушу шарт. Мындан тышкары социалдык байланыштар жана стресс деңгээлин контролдоо дагы жардам берет. Эгер эс тутумдун начарлашы байкалса, адиске кайрылып, алдын алуу жана дарылоо жолдорун билүү абзел. Белгилей кетсек, эс тутумду дарылоо үчүн атайын дарылар жок. Ал факторлорго байланыштуу калыбына келтирилерин “Ачык кеп” программасынын алкагында невролог Айпери Тойчуева айтып берди.