Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Sputnik
Парламентте диний китептердин мазмунун текшерүү боюнча маселе көтөрүлдүУкраинанын Жогорку соту биринчи жолу эки эркектин никесин тааныдыКыргызстанда спортчулардын улуттук курамада өткөргөн жылдары эмгек стажга кошулушу мүмкүнЖогорку Кеңештин депутаты Салтанат Аманова диний китептердин мазмунун кылдат текшерүү зарыл экендигин комитеттик жыйында белгиледи. Эл өкүлү улуттук басмакананын ишин жандантып, аны күчөтүү мезгили келгенин да айтты. Ал ошондой эле комитет мүчөлөрүнө басмаканалар менен китеп палатасынан чыгып жаткан китептерди көрүп келүүнү сунуштады. "Азыр типографиялардын баары жеке менчик. Бардык ишти көзөмөлгө алып, жеке басмаканалардын ишин байкоого алган улуттук типография түзүүгө убакыт келип жетти", — деди депутат. Аманова өлкөдө басылып чыккан китептердин 60-70 пайызы диний адабият экенин билдирди. Депутат булар салттуу исламдын принциптерине туура келеби же жокпу деген суроо койду.
Кыргызстанда спортчулардын улуттук курама командаларында өткөргөн убактысы эмгек стажга эсептелиши сунушталууда. Бул тууралуу парламенттин комитетинин жыйынында Урмат Асанбаев, КыргызстандынДене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору билдирди. Анын айтымында, спортчулардын карьерасы кыска мөөнөттүү жана оор жүктөмдөргө, ошондой эле жаракат алуу тобокелчилигине байланыштуу. Ошондуктан сунушталган мыйзам долбооруна ылайык, спортчулардын улуттук курамада иштеген убактысы Дене тарбия жана спорт тармагындагы эмгек стажга кошулмакчы. Урмат Асанбаев белгилегендей, мындай норма спортчуларга карьерасын бүткөндөн кийин профессионалдык тажрыйбасын расмий түрдө тастыктоого жана кийинчерээк жумушка орношууну жеңилдетүүгө мүмкүндүк берет.
Токмок шаардык сотунун чечими менен Даниэл Ажиев эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Ажиевге Кылмыш-жаза кодексинин "Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатын көздөбөстөн мыйзамсыз даярдоо" беренеси боюнча айып тагылган. 8-мартта сот эки айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын тандап, Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынды. Бул берене менен айыпталуучу беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Эскерте кетсек, 2024-жылы мүлкүн конфискациялоо менен жалпы режимдеги колонияга тогуз жылга кесилип, эки жылга ишкердик менен алектенүү укугунан ажыратылган Даниэл Ажиев президент Садыр Жапаров ырайым бергенден кийин түрмөдөн тик учак менен учуп кеткени айтылган. Ал ошол эле күнү Токмок шаарынын аймагынан баңгизат менен кармалган.
Украинанын Жогорку соту 8-март күнү эки эркек кишинин никесин тааныды. Кеп Украинанын Израилдеги элчилигинин биринчи катчысы Зорян Кись менен коомдук активист Тимур Левчик тууралуу болууда. Кись менен Левчук 2015-жылдан бери чогуу жашап келишет. Никеге 2021-жылы АКШда турушкан. Үч жылдан кийин Кись Израилдеги жумушуна Левчук менен чогуу бир үй-бүлө катары барууну пландап, бирок Украина ТИМи ага уруксат берген эмес. "Украинанын мыйзамы боюнча, нике аял менен эркектин ортосунда гана жүрө турган түшүнүк" — деп жооп берген министрлик. Мындан кийин Кись сотко кайрылган. 2025-жылдын июнунда Киевдин райондук соту никени тааныганы менен "Все вместе" коомдук кыймылы Жогорку сотко арыз жазган. Кыймыл мүчөлөрүнүн кайрылуусунда алардын ишмердүүлүгү "Украинада бир жыныстуу никени жана мамилени мыйзамдаштырууга жол бербөөгө" багытталганы айтылган болчу.