ЕАЭБдин кооперациялык саясаты Кыргызстан үчүн ири мүмкүнчүлүктөр: Өлкөдөгү кооперацияларды өнүктүрүүгө бөлүнгөн кредиттер

Sputnik
Өлкөдө айыл-чарба багытында иш алып барган кооперцияларды өнүктүрүү аракеттери кызуу жүрүүдө. Бул программага көмөк көрсөткөн долбоорлордун бири пайызы аз берилип жаткан кредиттер. Жыл сайын мамлекеттик казынадан белгилүү өлчөмдө каражат бөлүнөт жана ал мамлекеттик банктар аркылуу фермерлерге берилет. Бул иштин саясатын жүргүзгөн Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча дыйкандар мурдагыдай өз алдынча ийгилике жетүүнү максаттабай, кооперацияларга биригүү менен киреше таап жана ЕАЭБ алкагындагы долбоорго кошулуу мүмкүнчүлүктөрүн жакшы түшүнүп калышты. Аталган багытка былтыр бөлүнгөн каражаттар, аларды иштетүү жана быйылкы пландар тууралуу бүгүнкү эфирден уга аласыздар.