Быйыл Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театры 100 жылдык мааракесин белгилеп жатат. Ушундан улам театрдын репертуары бир катар жаңы спектаклдер менен толукталууда. Класикалык чыгармалардын жаңы коюлушу жана заманбап пьесалар көрүүчүлөрдүн назарына сунушталат.
Мындан тышкары театр ичиндеги иш-чаралардан тышкары ички аймактарга гастроль менен чыгуу жана сырттан чакырылган режиссёрлор менен иштөө пландалууда. Бул иштер театрдын коомдогу ролун жогорулатууга, көрүүчүлөрдүн маданий деңгээлин көтөрүүгө жана чыгармачыл жаңы муунду шыктандырууга багытталган.
“Күн башат” программасынын алкагында театрдын директору, Кыргыз Республикасынын эл артисти Асылбек Өзүбеков кенен маалымат берди.