БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Ирандын мунай сактоочу жайларындагы жардыруулар Кыргызстанда уулуу жаандын жаашын шартташы мүмкүн. Бул тууралуу депутат Махабат Мавлянова Жогорку Кеңештин агрардык комитетинин жыйынында билдирди.
"Жарылуудан кийин химиялык заттар регионго тарап, биз жакка келе жатат. Бул уулуу жаанды шартташы мүмкүн. Көз салган киши барбы? Кооптуулуктун ыктымалдыгы канчалык? Кайсы региондор жапа тартат?" — деп суроо салды эл өкүлү.
Жаратылыш ресурстары министринин орун басары Асел Раимкулова министрлик мындай мониторинг жүргүзө албай турганын айтты.
"Абаны автоматтык станциялар аркылуу көзөмөлдөгөн Гидрометеорология кызматы бар, мониторингди ушул мекеме жүргүзө алат", — деди ал.
Эскерте кетсек, Тегеран менен Альборздогу мунай сактоочу жайлар авиасоккуга дуушар болгон. Ирандын Кызыл жарым ай коому ал жактагы жарылуулардан улам уулуу жаан жаашы ыктымал экенин калкка эскерткен. Жарылуудан кийин абага углеводород, күкүрт жана азоттун уулуу кошулмасы тараган. Жаан жааса адамдар химиялык күйүк алып, өпкөсү жабыркай турганы айтылууда.