Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Ара жолдогу санкциялар жана кечиккен жардам. Зеленский Евробиримдикке нааразы

Sputnik
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Владимир Зеленский Евробиримдикти жаңы санкциялары жана көрсөтө турган колдоосу боюнча эч кандай жылыш жок экенин айтып сындады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Анын айтымында, азырынча Евробиримдик тарабынан Россияга каршы санкциялардын кезектеги пакети боюнча да, Украинага 90 миллиард евро көлөмүндөгү жардам боюнча да чечим кабыл алына элек.
Маалыматка ылайык, январь айынын аягында Киев "Дружба" мунай кууру аркылуу күйүүчү май транзитин токтоткон. Андан кийин Венгрия Украинага дизелдик отун өткөрбөй, Евробиримдиктин 90 миллиард евро көлөмүндөгү насыясын убактылуу бөгөттөп салган.
Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто бул чечим Киев орус мунайынын транзитин саясий себептер менен жандандырбай жатканына жооп катары кабыл алынганын билдирген.
"Сиз мени эле эмес, бүтүндөй Венгрияны коркуттуңуз". Орбан Зеленскийге жооп берди