Эр-Рияддан атайын каттам менен 166 мекендеш кайтып келди

Sputnik
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Эр-Рияддан атайын каттам менен 166 кыргызстандык кайтып келди. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропортторунан" билдиришти.
Катарда круиздик лайнерде калган мекендештер коопсуз коридор аркылуу Сауд Арабиясына барып, ал жактан Бишкекти көздөй учушкан.
Эске салсак, буга чейин президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Бириккен Араб Эмирликтеринен атайын эки рейс менен 260 кыргызстандык алып келинген. Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү акыркы кырдаалдан улам ал жакта калып кеткен жарандарыбызды Кыргызстанга алып келүү иштери мамлекет башчынын жеке көзөмөлүндө.
Түндө Жакынкы Чыгыштан дагы 260 кыргызстандык эвакуацияланды