Улут тагдырында ордуңар зор. Жапаров Кыргызстандын айымдарын куттуктады

Sputnik
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаровдун өлкө айымдарын 8-март — Аялдардын эл аралык күнүнө карата куттуктоосу жарыяланды.
Анда элибизде аял менен эркектин, улуу менен кичүүнүн, ата-эне менен уул-кыздын ортосундагы мамилени жөнгө салуучу баалуулуктар каада-салт менен калыптанып, жазылбаган бузулгус мыйзамга айланганы белгиленген.

"Эркек үйдүн тиреги, журттун калканы болсо, аялзаты — үйдүн куту, улуттун уюткусу", "Аял жакшы — эр жакшы", "эненин ак сүтү ыйык" деген сындуу накыл кептер канчалаган кылымдардан бери эле нарк катары аялзатынын орду бийик коюлуп келгенин тастыктап турат. Аялдын акылмандыгы, чексиз мээрими, жөн билгилиги жана камбылдыгы үй-бүлөнүн бекемдигин, коомдун туруктуулугун камсыз кылып келген", — деп жазылган куттуктоодо.

Өлкө башчы аялзаты улут тагдырында зор роль ойногонун белгилеп, Чыйырды, Каныкей, Айчүрөк сыяктуу акылман энелерибизди мисал келтирген. Ошондой эле ал Какиш Рыскулова, Батыш Салиева, Токтогон Алтыбасарова, Зууракан Кайназарова, Телегей Сагымбаева, Тенти Адышева, Күлүйпа Кондучалова жана башкалардын ысымдары кыргыз айымдарынын даңкын даңазалап, ордун белгилеп турарына токтолгон.
"Асылзаада аялдардын чыгышын шарттаган ата-бабалардан калган ардак мамилени, тутунган баалуулуктарды мындан ары да улантуу милдетибиз деп билебиз. Өзөгүбүздү таап, салтыбызга кайтуу — бул аялзатынын кадырын көтөрүү, энени ыйык тутуу, кызды сыйлоо экенин эң сонун түшүнөбүз", — деген Жапаров.
"Кант" базасындагылар 8-мартка карата учкучтардын жесирлерин, кыздарын куттуктады