Пезешкиан Иран бир карыш да жерин бербей турганын билдирди

Sputnik
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Иран президенти Масуд Пезешкиан өлкө бир карыш да жерин бербей турганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. https://ria.ru/20260308/iran-2079330236.html
Ал Дональд Трамптын АКШнын чабуулунан кийин өлкөнүн картасы өзгөрүшү ыктымал деген билдирүүсүнө ушундай жооп кайтарган.
"Бир карыш да жерибизди басып алууга жол бербейбиз", — деди Пезешкиан.
Анын айтымында, душман Иранды Жакынкы Чыгыш менен согуштурууну көздөөдө.
Израиль Ирандын мунай сактоочу жайларына сокку ура баштады