БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Бишкекте таштанды үчүн пластик контейнерлер колдонула баштады. Бул тууралуу "Тазалыктын" директору Жолдош Чуштуков билдирди.
Анын айтымында, челектер жеке секторлорго, мектеп, оорукана, ишканаларга жана өрттөп жиберүүгө болбой турган жерлерге коюлууда. Темирге караганда эки эсе арзан, жеңил, ыңгайлуу жана көрүнүшү жакшыраак.
"Мисалы, темир контейнерди орточо 25 миң сомго сатып алсак, пластик контейнерлер 12 миң сомдун тегерегинде болот. Мындан тышкары, жеке секторлорго пластик контейнерлердин 120 литр, 240 литр жана 360 литрликтерин сунуштап, өзүбүз жеткирип берип жатабыз", — деди Чуштуков.
Ошентсе да бул контейнерлер өрткө туруксуз, мындан улам шаарга толук жайылтылбай турганы кошумчаланды.