Баткендеги шахтада газ чыгып, эки кенчи каза тапты. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Баткендеги шахтада газ чыгып, эки кенчи каза тапты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык Самаркандек айылындагы "Баткен мунай" шахтасында болгон.
"Куткаруучулар 200 метр тереңдиктен алардын сөөгүн чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берди. Ал эми үчүнчү кенчи аман-эсен куткарылып, Тез жардам кызматкерлерине тапшырылган", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, газга ууланган 18 кызматкер Баткен райондук ооруканасына жеткирилген. Дарыгерлер алардын абалы канааттандырарлык экенин билдиришти.
Ала-Букада жубайлар эки баласы менен иске ууланып каза тапты