Израиль Ирандын мунай сактоочу жайларына сокку ура баштады

Sputnik
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Израиль Ирандын мунай сактоочу жайларына сокку ура баштады. Бул тууралуу РИА Новости жазды. https://ria.ru/20260308/udary-2079312162.html
CNN телеканалы Израилдеги ишенимдүү булактарына таянуу менен бул жаңжалдын кийинки баскычынын бир бөлүгү болуп саналарын билдирди. Маалыматка ылайык, ЦАХАЛ Тегерандагы бир нече мунай сактагычка сокку урган.

Иранга жасалган чабуулдар

28-февралда АКШ менен Израиль Ирандын аймагындагы объектилерге, анын ичинде Тегеранга чабуул койгон. Ирандын аятолласы Али Хаменеиден тарта бир нече аскер башчылары, жай жарандар өлгөн. Алардын арасында балдар (окуучулар) да бар. Ирандын Кызыл жарым ай коому 131 шаардык округ чабуулга кабылып, анын кесепетинен кеминде 700гө чукул адам көз жумганын билдирген.
Иран буга жооп катары Израилдин аймагына, ошондой эле Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөрдө жайгашкан АКШнын аскердик объектилерине сокку уруп жатат.
Иран эгерде коңшу өлкөлөрү чабуул койбосо, аларга сокку урбай турган болду