БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Дональд Трамп АКШнын чабуулунан кийин Ирандын картасы өзгөрүп, багынып бере турган мезгил келгенде эч ким калбай калышы ыктымал экенин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Ал учурдагы кырдаалды бир нече жолу "согуш" деп атап, АКШ аскерлерин Иранга жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн четке каккан жок. Бирок бул "олуттуу себеп" болгондо гана жасаларын белгиледи. Анын сөзүнө караганда, америкалык аскерлер байытылган уранды көзөмөлгө алуу үчүн жөнөтүлүшү мүмкүн.
Мындан тышкары, Трамп операцияга күрддөрдүн катышуусуна каршы экенин билдирди.
"Алардын жарадар болуп же каза болушун каалабай турам", — деген ал.
АКШ президенти ошондой эле Тегеранды Ирандагы мектепке сокку урду деп айыптады. Эскерте кетсек, 28-февралда АКШ менен Израилдин кол салуусунан "Шаджаре Тайебе" кыздар үчүн мектеби кыйроого учураган болчу. Ирандын ТИМ башчысы Аббас Аракчи соккудан 171 кыз каза болгонун кабарлаган.