Жаан-чачындуу болот. Алдыдагы аптага карата аба ырайынын божомолу

Sputnik
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Кыргызгидромет алдыдагы жуманын, 9-15-марттын, аба ырайынын божомолун таратты.
Ага ылайык, 9-11-март күндөрү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан-чачын күтүлөт. Тоолуу райондордо кар түшөт. 10-11-мартта кээ бир аймактарда жаан-чачын катуу болушу мүмкүн. Ал эми 12-марттан баштап көпчүлүк аймактарда күн ачылат.
Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. 9-мартта күндүз жана 11-мартта айрым жерлерде шамал 15-20 метрге чейин күчөшү мүмкүн.

Чүй жана Талас облустары

9-мартта түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз жаан жаап, тоолуу райондордо кар түшөт. 10-11-мартта көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаашы күтүлөт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу болушу мүмкүн. 12-15-март күндөрү күн ачык болот.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары

9-мартта күндүз айрым жерлерде жаан жаап, тоолуу аймактарда кар түшөт. 10-11-мартта көпчүлүк аймактарда жаан, тоолордо кар жаап, айрым жерлерде жаан-чачын катуу болушу мүмкүн. 12-14-мартта жаан-чачын күтүлбөйт, 15-мартта тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.

Нарын жана Ысык-Көл облустары

9-мартта айрым жерлерде жаан, тоолордо кар жаашы мүмкүн. 10-11-мартта көпчүлүк аймактарда кар жаап, айрым жерлерде жаан-чачын катуу болушу күтүлөт. 12-15-март күндөрү күн ачык болуп, жолдор тайгак болушу мүмкүн.
Бишкекте таштанды үчүн пластик контейнерлер колдонула баштады. Видео