9-мартка карата аба ырайы

9-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү күндүз айрым жерлерде жамгыр, тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +15…+20, Талас жергесинде +12…+17, Ысык-Көлдө +7…+12, Нарын өрөөнүндө +4…+9 градус жылуу болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +16…+18, Ош шаарында +17…+19 градуска жетет.
Таза суунун тарифтери көтөрүлөбү? Депутат мыйзам долбооруна түшүндүрмө берди