№14 түзөтүү мекемесинин жетекчисинин орун басары Адилет Сүйөркулов Sputnik агенттигине маек куруп, суроолорго жооп берди.
Анын айтымында, чоң кишилер отурган абактарга караганда өспүрүмдөр кармалган түрмөдө иштөө түйшүктүүрөөк. Жаштар токтоло элек болгондуктан эмоциясын ката албайт, алар менен иштөө көп көңүлдү талап кылат. "Апамды сагындым, апама баргым келип жатат, кое берип коюңузчу" деп ыйлап суранган балдар да болот.
Видеодо Сүйөркулов соттолгондордун көбү эмнеге түрмөдөн сүйүнүп чыкпай турганын жана алардын көбү кандай кылмыштар үчүн келгенин айтып берди.