Дастан Бекешев БШКнын курамын кыскартууга каршы Депутат Дастан Бекешев жакынкы Жогорку Кеңештин жыйындарында бир катар мыйзам долбоорлору караларын билдирди. Ал Эсеп палатасы боюнча демилгени — аудиторлордун санын 9дон 3кө кыскартууну колдой турганын айтты. "Бул идеяны 2017-жылдан бери колдоп келем. Эсеп палатасы ошол кезде саясий партиялар үчүн кадрлык базага айланып калган, аудиторлорду азайтуу керек болчу. Азыр президент өзү демилге көтөрдү", — деди Бекешев. Бирок депутат БШКнын курамын 12ден 8ге кыскартууга каршы. Анын пикиринде, бул жерден акча үнөмдөө туура эмес. Бекешев жакын арада парламент дагы бир катар мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизээрин белгиледи.
Санкт-Петербургдагы эмгек форумунда КМШнын жалпы миграциялык мейкиндигинин келечеги талкууланат. Уюштуруучулардын маалыматы боюнча, 2026-жылдын 8–10-апрелинде Межпарламенттик Ассамблеянын демилгеси менен X Эл аралык эмгек форумы өтөт. Талкууга парламент мүчөлөрү, тиешелүү министрликтердин өкүлдөрү, эл аралык уюмдар жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрү катышат. Форумдун башкы окуясы КМШнын жалпы миграциялык мейкиндигинин жаңы концепциясынын долбоорун даярдоочу МПА КМШнын жумушчу тобунун отуруму болот.
АКШ менен Россия Жакынкы Чыгыштагы куралдуу жаңжалдын фонунда россиялык мунайга карата санкцияларды жумшартууну талкуулашууда Бул тууралуу Россия Федерациясынын президентинин атайын өкүлү Сергей Дмитриев билдирди. «Батыштын санкциялары дүйнөлүк экономикага зыян келтирерин көрсөтүүдө», — деп баса белгиледи ал. Мурда АКШнын Финансы министри Скотт Бессент Fox Business телеканалындагы маегинде орус мунайы боюнча санкцияларды мындан ары азайтуу зарыл экенин айтып, Вашингтон операция учурунда рыноктогу чыңалууну басаңдатуу үчүн жаңы чараларды үзгүлтүксүз жарыялай турганын билдирген.
Денис Петрашов АКШнын Иллинойс штатынын Вестмонт шаарында сууда сүзүү боюнча эл аралык деңгээлдеги Тай-эр Про Свим Сириз 2026 мелдешинде алтын медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, кыргызстандык спортчу 100 метр аралыкка брасс ыкмасы менен сүзүүдө жогорку жыйынтык көрсөттү. Финалдык жарышта ал 59.70 секунда убакыт менен биринчи орунду ээлеп, алтын медаль тагынды. Экинчи орунду америкалык спортчу Жош Матени (59.78) камсыз кылса, үчүнчү орунду дагы бир америкалык спортчу Жек Келли (59.90) ээледи. Белгилей кетсек, бул жарыш дүйнөнүн профессионал сүзүүчүлөрү катышкан эл аралык мелдештердин бири болуп саналат.
Кыргызстан эки айда 200 миңден ашуун гүл экспорттоду Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда өстүрүлгөн гүлдөр ички рыноктон тышкары чет өлкөлөргө да сатылууда. Кыргыз гүлдөрү негизинен Россия, Казакстан, Өзбекстан, Армения жана башка өлкөлөргө экспорттолот. 2024-жылы — 13 млн 49 миң 405 гүл экспорттолгон 2025-жылы — 24 млн 99 миң 696 гүл жөнөтүлгөн Ал эми 2026-жылдын алг