БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Түндө Оштун Кара-Суу районундагы "Каратай" автоунаа токтотуучу жайында үч фура жүгү менен күйүп кетти. Бул тууралуу маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен тастыкташты.
Мекеменин билдирүүсүнө таянсак, кырсык тууралуу кабар саат 00:33тө түшкөн. Жалпы эки бөлүм тартылып, өрттү таңга жуук саат 05:10до толук өчүрүшкөн.
Интернет-колдонуучулар автоунаалар Кытайдан товар жүктөп келип, документтери даяр болгончо токтоп турганын жазып жатышат. Ал жерде өрт коопсуздугу сакталбай, керектүү шаймандар жок болгонун белгилешкен.
Ошондой эле 6-март күнү кечинде Кашкар-Кыштак айылындагы темир жол ишканасынын кызматтык мекемесинен да өрт чыккан. Саат 19:45те билдирүү келип, эки бөлүм тартылып, өрт 21:20да толук өчүрүлгөн. Жабыркагандар жок.