БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Венгриянын өкмөт башчысы Виктор Орбан Владимир Зеленскийдин ккоркутуп-үркүтүүлөрүнө жооп кайтарды. Бул тууралуу X социалдык тармагындагы баракчасына жазганын РИА Новости билдирди.
"Мени аскерлериңиз менен коркуттуңуз. Мени эле эмес, бүтүндөй Венгрияга сөөмөй кезедиңиз. Мындай болбойт. Эсиңизге келиңиз. Венгрлерди опузалаган жарабайт", — деген Орбан.
Венгриянын премьери ошондой эле "Дружба" мунай түтүгү аркылуу Россиянын күйүүчү майын ташууну жандантууга чакырган.
Өткөн бейшембиде украин режиминин бийлигинин башчысы журналисттер менен баарлашып жатып, Виктор Орбанга сес көрсөткөн түр менен сүйлөгөн. Мындай кадамды Венгриянын Евробиримдиктен келчү 90 миллиард евролук насыяны бөгөттөп койгонуна байланыштырышкан.