БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Кыргызстандыктарга умрага барууга убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн муфтиятта мекемелер аралык жыйын болгон. Анда төмөнкү чечимдер кабыл алынган:
абал турукташканга чейин кыргызстандыктарга умрага барууга убактылуу чектөө киргизүү;
туристтик компанияларга жана авиакомпанияларга кырдаал турукташканга чейин умрага барбоону сунуштоо.
Ошондой эле, токтоп калган аба каттамдарын жандандыруу маселеси да талкууланган.