БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Кыргызстан парламенттеги аял-депутаттардын саны боюнча дүйнөлүк лидер деп таанылды. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюму жана Парламенттер аралык биримдик жарыялаган баяндамада айтылган.
Аталган баяндамада 2025-жылы республикада аял-депутаттардын саны дээрлик 13 пайызга көбөйгөнү белгиленген. Кеп ЖКнын VIII чакырылышындагы курам туурасында жүрүп жатат.
"Квоталар аялдардын өкүлчүлүгүн көбөйтүүнүн эң натыйжалуу ыкмалардын бири бойдон калууда. 2025-жылы мыйзамдык же ыктыярдуу квоталар колдонулган парламенттерде кыз-келиндер орточо эсеп менен 30,9 пайыз орунду ээлешкен. Ал эми квоталар жок парламенттерде бул көрсөткүч 23,3 пайызды түзгөн", — деп айтылган баяндамада.
Белгилей кетсек, учурда Жогорку Кеңеште 30 аял депутат болуп отурат. Алар былтыр өткөн парламенттик шайлоодо квотанын негизинде шайланышкан. Өнөктүк алдында кабыл алынган мыйзамга ылайык, ар бир округдан бирден мандат аял-талапкерлерге берилет. Эгерде аял-депутат ЖКдан кетип мандатын тапшырса, ордуна кайра эле аял киши келиши керек.