БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Нарын облусунун Кочкор районундагы Ак-Кудук айылында күн электр станциясы курулат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик кечээ, 6-мартта, келишимге кол койгонун билдирди.
Долбоорго салына турган инвестициянын көлөмү 200 миллион долларга бааланууда. Анын кубаттуулугу 325 МВт болмокчу. Агенттиктен станцияны "Солар системс" жана "АСТ Империал" ЖЧКлары сала тургандыгын билдиришти.
"Күн электр станциясынын курулушу — аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө салымын кошуп, жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө болот. Ошондой эле Нарын облусуна кошумча инвестицияларды тартууга жардам берет", — деп айтылган маалыматта.