БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Катарда круиздик лайнерде калып кеткен кыргызстандыктар Дохадан Сауд Арабияга жолго чыкты. Алар Эр-Рияд аркылуу учуп, Бишкекке 8-март кечинде келе тургандыктарын президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов кабарлады.
Анын айтымында, жалпы 134 адам сапар алган.
"Уюштуруу, чек аралардан жарандарды алып өтүүнү сүйлөшүү иштерин бул өлкөлөрдөгү элчиликтерибиз менен Тышкы иштер министрлиги жүргүзүүдө", — деди маалымат катчы.
Эске салсак, буга чейин президенттин тапшырмасы менен Бириккен Араб Эмирликтеринен атайын эки рейс учак менен 260 кыргызстандык алып келинген. Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү акыркы кырдаалдан улам ал жакта калып кеткен жарандарыбызды Кыргызстанга алып келүү иштери мамлекет башчы Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө.