БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Ирандын Убактылуу жетекчилик кеңеши коңшу өлкөлөргө чабуул жасабоо боюнча чечим кабыл алды. Бул тууралуу өлкө президенти Масуд Пезешкиан билдиргенин РИА Новости жазды.
Пезешкиандын айтымында, Иран ошол өлкөлөр тарабынан кол салуу болгон учурда гана кайра жооп кайтарууну чечкен.
"Алар биздин бир туугандарыбыз экенин көп жолу айтканбыз. Биз аймакта тынчтыкты жана туруктуулукту биргелешип орнотушубуз керек", — деген ал.
Ошондой эле ал Перс булуңундагы өлкөлөрдөн буга чейинки жасалган чабуулдар үчүн кечирим сураган.
Иранга жасалган чабуулдар
28-февралда АКШ менен Израиль Ирандын аймагындагы объектилерге, анын ичинде Тегеранга чабуул койгон. Ирандын аятоллоасы Али Хаманеиден тарта бир нече аскер башчы, жай жарандар өлгөн. Алардын арасында балдар (окуучулар) да бар. Ирандын Кызыл жарым ай коому 131 шаардык округ чабуулга кабылып, анын кесепетинен кеминде 700гө чукул адам көз жумганын билдирген.
Иран буга жооп катары Израилдин аймагына, ошондой эле Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөрдө жайгашкан АКШнын аскердик объектилерине сокку уруп жатат.