БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Иран Азербайжанга кол салган эмес. Мындай билдирүүнү аталган өлкөнүн президенти Масуд Пезешкиан РФ лидери Владимир Путин менен телефондо сүйлөшүп жатканда жасаганын РИА Новости жазды.
Пезешкиан чабуул койду дегенди кескин төгүндөп, Иран эч качан коңшу мамлекеттерине кол салууну максат кылбаганын жана кылбай турганын белгилеген.
"Мындай ушактар кошуна өлкөлөрдүн ортосундагы бир туугандык мамилени бузууга аракет кылган душмандардын кутуму", — деген Пезешкиан.
Ал ошондой эле АКШ жана Израилдин чабуулдарында Россия тараптан колдоо күтүп жатканын айткан.
Сүйлөшүп жатканда РФ президенти Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды дипломатиялык жол менен жөнгө салуу позициясын кармана тургандыгын дагы бир жолу ырастаган.
Эске салсак, 5-март күнү Азербайжандын Нахичевань аэропортунун аймагына дрон кулаган. Анда бир дрон аба майдандын терминалына түшсө, экинчиси Шекарабад айылындагы мектептин жанынан жарылган.