БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдан улам Дубайда эскорт-кызмат көрсөткөн кыз-келиндер Балиге жапырт кетип жатышат. Бул тууралуу РИА Новостиге аралдагы түнкү клубдардын биринин ээси билдирди.
Ал соңку күндөрү түнкү көңүл ачуу кызматында иштеген кыздар аралга агылып келип жатканын белгилеген.
"Мага акыркы бир нече күндө мурда Дубайда иштеген ондогон кыз жазды. Көбү Балиде иштөө мүмкүнчүлүктөрү боюнча сурап, көчүп келүүдө. Алар адатта акырындык менен жер которчу. Азыр эми Жакынкы Чыгыштагы абал тынчыганча Балиде болуп турууну көздөп жатышат", — деген Александр.
Ал келген кыздардын арасында көбү Чыгыш Европа жана Латын Америкасы өлкөлөрүнөн экенин белгилеген.
Эске салсак, 28-февралда АКШ менен Израиль Ирандагы, анын ичинде Тегерандагы объектилерге чабуул койгон. Имараттар кыйрап, карапайым элден каза болгондор бар. Тегеран Израилдин аймагына, ошондой эле АКШнын Жакынкы Чыгыштагы аскердик базаларына жооп кылып, сокку урууда.