БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Бишкекте туристтик компаниянын директору алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу шаардык милиция кабарлады.
Маалымат боюнча, үстүбүздөгү жылдын 2-мартында О.Н. аттуу адам Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылган. Маалыматка таянсак, кеп MIRELLE & COMPANY деп аталган компания тууралуу жүрүп жатканын байкоого болот. Даттануучу туристтик компаниянын М.К. аттуу директору анын ишенимине кирип, саякат үчүн 307500 сомун алып, бирок уюштурбай койгонун айткан.
Аталган факт боюнча "Алдамчылык" беренеси менен иш козголуп, М.К. убактылуу кармоочу жайга киргизилди.