"Асман" экологиялык шаарынын долбоору Кытайда кайра тааныштырылат "Иран Азербайжанга кол салган эмес". Путин менен Пезешкиан телефон аркылуу сүйлөштүКатардагы круиздик лайнерде калган кыргызстандыктар Сауд Арабия аркылуу мекенине кайтып жатат Катар мамлекетинде круиздик лайнерде калып калган кыргызстандыктар Доха шаарынан Эр-Рияд шаарына жолго чыгышты. Бул тууралуу президенттин катчысы Аскат Алагозов билдирди. Маалыматка ылайык, жалпысынан 134 жаран автобустар менен Сауд Арабияга жетип, андан ары учак аркылуу Бишкек шаарына учуп келишет. Жарандарды уюштуруу, чек аралардан өткөрүү жана коопсуз алып келүү иштерин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жана бул өлкөлөрдөгү элчиликтер жүргүзүүдө. Алдын ала маалымат боюнча, Дохадан чыккан кыргызстандыктар Эр-Рияддан учак менен Кыргызстанга 8-марттын кечинде келип жетери күтүлүүдө. Белгилей кетсек, Садыр Жапаров Жакынкы Чыгыштагы акыркы кырдаалга байланыштуу ал жакта калган кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу боюнча тапшырма берип, уюштуруу иштерин жеке көзөмөлүнө алган. Буга чейин Бириккен Араб Эмираттары аймагынан атайын эки рейс уюштурулуп, 260 кыргызстандык мекенине алып келинген.
Түндө Оштун Кара-Суу районундагы "Каратай" автоунаа токтотуучу жайында үч фура жүгү менен күйүп кетти. Бул тууралуу маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен тастыкташты.Мекеменин билдирүүсүнө таянсак, кырсык тууралуу кабар саат 00:33тө түшкөн. Жалпы эки бөлүм тартылып, өрттү таңга жуук, саат 05:10до толук өчүрүшкөн. Интернет колдонуучулар автоунаалар Кытайдан товар жүктөп келип, документтери даяр болгончо токтоп турганын жазып жатышат. Ошондой эле, 6-март күнү кечинде Кашкар-Кыштак айылындагы темир жол ишканасынын кызматтык мекемесинен да өрт чыккан. Саат 19:45те билдирүү келип, эки бөлүм тартылып, 21:20да өрт толук өчүрүлгөн. Жабыркагандар жок.
Кыргызстандагы «Асман» экологиялык шаарын куруу долбоору Кытайда кайрадан тааныштырылат. Бул тууралуу Кыргызстандын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик төрагасынын орун басары Мээримбек Койчуманов кытайлык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди. Жолугушууга Кытай–Борбор Азия соода платформасынын башкы директору жана эки кытайлык компаниялардын өкүлдөрү катышты. Тараптар Кыргызстандагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү Кытай бизнесине таанытуу маселесин талкуулашты. Анын алкагында негизги инвестициялык долбоорлор, анын ичинде "Асман" шаарын куруу демилгеси да сунушталмакчы. Эске салсак, буга чейин "Асман" шаарынын долбоору Шанхай жана Нанкин шаарларында өткөн эл аралык бизнес-форумда да тааныштырылган.
Иран Азербайжанга кол салган эмес. Мындай билдирүүнү аталган өлкөнүн президенти Масуд Пезешкиан РФ лидери Владимир Путин менен телефондо сүйлөшүп жатканда жасаганын РИА Новости жазды. Пезешкиан чабуул койду дегенди кескин төгүндөп, Иран эч качан коңшу мамлекеттерине кол салууну максат кылбаганын жана кылбай турганын белгилеген. "Мындай ушактар кошуна өлкөлөрдүн ортосундагы бир туугандык мамилени бузууга аракет кылган душмандардын кутуму", — деген Пезешкиан. Ал ошондой эле АКШ жана Израилдин чабуулдарында Россия тараптан колдоо күтүп жатканын айткан. Сүйлөшүп жатканда РФ президенти Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды дипломатиялык жол менен жөнгө салуу позициясын кармана тургандыгын дагы бир жолу ырастаган.