Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
2025-жылы Кыргызстанга которулган акчанын жалпы суммасы 3 миллиард 491 миллион долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Маалыматка ылайык, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн келген (3,3 млрд. доллар). Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн 198 миллион доллар которулган. Ошондой эле өткөн жылдын эсебинен Кыргызстандан чыккан акчанын көлөмү 373,7 миллион долларды түздү. Анын ичинен 340,4 миллион доллар КМШ өлкөлөрүнө, 33,4 миллион доллар алыскы чет өлкөлөргө жөнөтүлгөн.
Кыргызстан кийиз экспортун жандантты Былтыр жалпысынан 426,4 тонна сатылган. Анын дээрлик бардыгын ЕАЭБ мүчөсү Россия алган. Андан тышкары, Бельгия, Германия, Казакстан жана Малайзия кардар болгон. 2024-жылы көрсөткүч өтө төмөн болгондуктан, Статком сатылган кийиздин баасын эле (6,6 миң доллар) көрсөткөн.
Кыргызстанда гүлдүн экспорту жыл сайын өсүп жатат Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, 2024-жылы чет өлкөлөргө 13 миллиондон (даана) ашык гүл жөнөтүлгөн. Былтыр бул көрсөткүч 24 миллиондон ашкан. Ал эми быйыл эки айдын ичинде 213 миң даана же 17 тонна гүл сыртка сатылган. Негизги сатып алуучулар ЕАЭБ өлкөлөрү жана Өзбекстан. Министрлик бул тармак акыркы жылдары активдүү өнүгүп жатканын белгилеген.
Кыргызстандык балбан Нурзат Нуртаева 72 салмак ченинде Дүйнөлүк күрөш уюмунун рейтингинде экинчи сапка жайгашты. Биринчи сапка украиналык Алла Белинская жайгашса, үчүнчү орунда түркиялык Несрин Баш турат. Белгилей кетсек, Нурзат Нуртаева акыркы жолу Албаниянын Тирана шаарында өткөн спорттук күрөш боюнча Muhamet Malo-2026 атындагы II рейтингдик турнирде кыз-келиндер күрөшү боюнча күч сынашып, күмүш медаль тагынган. Учурда Нурзат Нуртаева 24 жашта. Ал Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү.
Бириккен Улуттар Уюмунун кийинки баш катчысы кызмат ордуна дагы эки талапкер сунушталды. Бул тууралуу Синьхуа агенттигине таянып, Kazinform билдирди. Маалыматта белгиленгендей, Башкы ассамблеянын төрагасынын расмий сайтында жарыяланган документтерге ылайык, учурда Африка биримдигине төрагалык кылып жаткан Бурунди мамлекети Сенегалдын мурдагы президенти Маки Саллдын талапкерлигин көрсөттү. Ал эми Коста-Рика экономист, өлкөнүн мурдагы вице-президенти Ребека Гринспенди сунуштады. Жаңы талапкерлерди эске алганда, учурда БУУнун баш катчысы кызматына төрт талапкер ат салышууда.
Кытай кайрадан дүйнөдөгү миллиардерлери эң көп өлкө макамын алды. Бул тууралуу South China Morning Post басылмасына таянып, Kazinform билдирди. Рейтинге ылайык, Кытайда миллиардерлердин саны 1110 адамга жетти. Бул дүйнө боюнча катталган 4020 миллиардердин эң чоң үлүшү болуп саналат. Бир жыл ичинде өлкөдө алардын саны 287 адамга көбөйгөн. Адистер мунун негизги себеби - фондулук рыноктун өсүшү жана жасалма интеллект технологияларынын тез өнүгүшү менен байланыштырышат.