Садыр Жапаров Даниэл Ажиевдин учак жалдашы, ырайым боюнча үн катты

Sputnik
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров мыйзамсыз вебкам-студияларды иштеткени үчүн соттолгон Даниэл Ажиевге ырайым кылгандан кийин анын абактан тик учак менен учуп кеткени тууралуу маалыматка комментарий берди.
Президент Ажиевдин энеси жолун таап ага кайрылганын айтты.
"Вотсап номеримди кимден алганын билбейм, түз видеокайрылуу менен кайрылган экен. Келиним төрт баласы менен кыйналып жатат, бир баласы майып, жашоо-турмушубуз аябай оорлошуп кетти, уулума ырайым берип чыгарып бериңиз. Балам мындан ары тартиптүү болуп, тынч жүрөт, кепилдик берем дептир", — деди Жапаров.
Өлкө башчы жалгыз Ажиев эмес, дагы бир топ адам абактан бошонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонун айтты.
"Мен боорукер адаммын. Чындап эле ишенип, ырайым бердим. Бир эле Ажиевге эмес, ошол күнү жалпысынан оор эмес кылмыш кылган 75 соттолуучуга ырайым бергем. Ажиевдин тик учак жалдаганы боюнча айтсам, угар замат дендароо боло түштүм. Апасы "итке минип калдык" деп ыйлап жатса, баласы болсо түрмөдөн тик учак жалдап учуп жатса, мени алдаган экен да деп ойлодум. Негизи менин боорукерлигимден жана жумшак мамиле жасаганымдан көптөр пайдаланышат. Бирок алыска узашпайт. Жумшак кишилердин катуулугу кармаса таптакыр жазылбайт эмеспи", — деген президент.
Ал вертолет берди деп ӨКМди күнөөлөштүн кереги жоктугун, ким акчасын төлөп буйрутма берсе, учак кызмат көрсөтө бере турганын баса белгилеген.
Жапаров ырайым кылуу процедурасы туурасында да айта кеткен.
"Кимди чыгарышты, кимди чыгарбашты тандабайм. Ким ырайым сурап арыз менен кайрылса, арызынын негизинде чечим кабыл алам. Арыз менен кайрылбаган соттолуучуну кантип чыгарам. Арыз менен кайрылса, аны да караганга даярбыз. Президент эмнеге абактагы акын Аскат Жетигенди чыгарбайт дешиңер мүмкүн. Ким ырайым сурап арыз менен кайрылса, арызынын негизинде чечим кабыл алам", — деп түшүндүргөн.
Эске салсак, Жапаров мыйзамсыз вебкам-студияларды иштеткени үчүн соттолгон Ажиевге февраль айында ырайым кылып, ал абактан чыккан.
Президент ырайым кылган Даниэл Ажиев түрмөдөн тик учак менен чыкканы айтылууда