БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Сербия Кыргызстандан өрүк, алча, шабдалы жана кара өрүк импорттой баштады.
Ошол эле учурда ЕАЭБ өлкөлөрү Кыргызстандын продукциясынын негизги сатып алуучулары бойдон калууда.
Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, өткөн жылы Кыргызстан 2,6 миң тонна мөмө-жемиш экспорттогон. Сатып алган өлкөлөр:
Россия — 1 455 тонна;
Казакстан — 800 тонна;
Сербия — 171 тонна;
Өзбекстан — 140 тонна;
Тажикстан — 28 тонна.