БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Ош облусунда курал жашырылган жай табылды. Анда Beretta, Макаров тапанчалары, 12 даана Калашников автоматы, кесилген мылтыктар жана 800дөн ашык ок-дары табылган.
Маалыматка караганда, бул арсенал кримтөбөл Жеңгого таандык болгон.
УКМК билдиргендей, бул курал катылган жайдын табылышы аталган топтун базасын нейтралдаштырууга жана массалык башаламандыктарды, куралдуу провокацияларды уюштуруу аракеттерин алдын алууга мүмкүндүк берди.