Былтыр Кыргызстанга 3,4 млрд. доллар которулган

Sputnik
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. 2025-жылы Кыргызстанга которулган акчанын жалпы суммасы 3 миллиард 491 миллион долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Маалыматка ылайык, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн келген (3,3 млрд. доллар). Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн 198 миллион доллар которулган.
Ошондой эле өткөн жылдын эсебинен Кыргызстандан чыккан акчанын көлөмү 373,7 миллион долларды түздү. Анын ичинен 340,4 миллион доллар КМШ өлкөлөрүнө, 33,4 миллион доллар алыскы чет өлкөлөргө жөнөтүлгөн.
Улуттук банк жыл башынан берки эң ири интервенциясын жүргүздү