БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Венгрия Украинага үч жумушчу күндүн ичинде россиялык мунай ташылган "Дружба" түтүгүнүн иштешин калыбына келтирип коюуну сунуштап, болбосо ал жакка адистерден турган топту киргизерин эскертти.
Мындай шартты Венгриянын мамлекеттик катчысы менен энергетика министри Габор Цепек социалдык тармактагы баракчасына жазып, ага түшүндүрмө берген.
"Мен Украинанын премьер-министринин орун басарына үч жумушчу күндүн ичинде же мунай куурун калыбына келтириш керектигин, же бизге окуя болгон жерди көрүүгө, Брот подстанциясында экспертиза жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берүү өтүнүчү менен кат жөнөттүм", — деген ал.
Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан 5-мартта Украинаны "Дружба" мунай түтүгү боюнча маселеде жеңе тургандыгын жана компромисске барбастыгын билдирди.
Эскерте кетсек, Киев январдын аягынан баштап "Дружба" мунай түтүгүнөн отун өткөрбөй калган. Венгрия 18-февралда Украинага дизелдин ташылышын токтотуп, 20-февралдан тарта Евробиримдиктен келчү 90 миллиард евролук насыяны бөгөттөп койгон.
Өлкө ТИМинин жетекчиси Петер Сийяртонун айтымында, мындай кадам Киев режиминин опузасына байланыштуу жасалды. Украина саясий себептерден улам россиялык мунайдын "Дружба" аркылуу өтүшүнө бут тосуп, Бедапештти энергетикалык кризиске кептеп, апрелде өтчү шайлоого таасир этүүгө умтулуп жатканы белгиленген.
Альметьевскиден башталган "Дружба" түтүгү Брянскиден өткөндөн кийин тарап кетет: Украина аркылуу Венгрияга, Словакия жана Чехияга бөлүнөт, ал эми Беларустун аймагы менен Польша жана Германияга жетет.