БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Ирандын пилотсуз учуучу аппараттары Оман кысыгында учак ташып жүрүүчү кемеге чабуул койгонун РИА Новости жазды.
"Учак ташыган "Авраам Линкольн" суу аймагына көзөмөл кылуу үчүн Оман кысыгында Ирандын чегине 340 чакырымдай жакындаганда каршылаш тараптын дронунун соккусуна кабылган. Бул окуядан кийин кеме тез эле көздөн кайым болуп, ал жерден миң чакырымдай алыстап кеткен", — деп кабарлаган IRIB агенттиги.
Жекшембиде иран армиясынан канаттуу төрт ракетанын жардамы менен учак алып жүргөн кемени аткылашкандыгын билдиришкен. Чабуулдан кийин судно Инд океаны тарапка жылып кеткен. Ал эми америкалыктар кемеге снаряд тийди деген маалыматты танган.
28-февралда Израиль менен АКШ Иранга карата кол салган операцияны баштаган. Тель-Авивден негизги максат Тегерандын өзөктүү куралга ээ болушуна тоскоолдук жаратуу экенин билдиришкен. Вашингтон иран флоту менен коргонуу өнөр жайынын таш-талканын чыгарам деп опузалап, аталган өлкөнүн элин бийликти алып түшүүгө чакырган.
28-февралдан тарта Иран да жооп кылып, Израиль аймагын жана Жакынкы Чыгышта жайгашкан америкалык аскердик базаларды аткылап келет.