БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Вебкамчы Даниэл Ажиев Чүй облустук милициясы тарабынан кармалып, кайра камакка алынды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине ИИМ билдирди.
Өздүк маалымат булактардын айтымында, Ажиевдин жанынан баңгизат табылган. Кармалгандан кийин медициналык экспертизага барып, андан соң убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
2024-жылы мүлкүн конфискациялоо менен жалпы режимдеги колонияга тогуз жылга кесилип, эки жылга ишкердик менен алектенүү укугунан ажыратылган Даниэл Ажиев президент Садыр Жапаров ырайым бергенден кийин түрмөдөн тик учак менен учуп кеткени айтылган.
Өлкө башчысы бүгүн "Кабар" агенттигине берген маегинде ырайым сурап Ажиевдин энеси кайрылганын, бирок калп айтып, боорукерлигинен колдонуп кеткендигин билдирген.