Даниэл Ажиевдин апасы Садыр Жапаровго ырайым сурап кайрылган видео жарыяланды

Sputnik
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов Даниэл Ажиевдин апасы өлкө башчысы Садыр Жапаровдон уулуна ырайым сурап жаткан видеону жарыялады.
Буга чейин президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде кайрылуу өзүнүн WhatsApp номерине келгенин айткан. Кийин бул эл арасында күмөн саноолорду жараткан болчу.
Видеокайрылууда Ажиевдин апасы өзү ооруп жатканын, келини төрт баласы менен кыйналганын, бир баласы майып экенин, башынан аябай оор турмушту кечирип жатышканын айтып, президенттен баласына ырайым берүүнү суранган. Ошондой эле уулу мындан ары социалдык тармактарга чыкпай тынч жашаарын айтып, анын жүрүм-турумуна жоопкерчилик аларын белгилеген.
Эске салсак, Жапаров мыйзамсыз вебкам-студияларды иштеткени үчүн соттолгон Ажиевге февраль айында ырайым кылып, ал абактан тик учак менен чыккан.
Президент ырайым кылган Даниэл Ажиев түрмөдөн тик учак менен чыкканы айтылууда