БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Дональд Трамп Ирандын жетекчилигине чабуулдан улам жок кылынган Али Хаменеиге окшош бирөөнүн келишине каршылыгын билдирип, өлкөнүн жаңы лидери Вашингтон менен акылга салып мамиле кура алгыдай болушу керектигин айтты. Президент Time журналына маек курган.
"Мен ушунун баарын дагы бир Хаменеиге туш болуш үчүн жасаган жокмун да. Шайлоо процессине катышкым келет", — деген Трамп.
Президенттин айтымында, ирандыктар өз жетекчисин өздөрү тандай алышат, бирок Вашингтон "анын АКШга көзү түз экенине" ынанышы керек.
Трамп муну менен бирге Ирандагы жаңы бийликти түзүүгө катышуу ниетин билдирген. "Бир эле нерсе сурайм, жаңы лидерди тандоодо чогуу иштешким келет" деген президент.
АКШ менен Израиль 28-февралда Ирандагы объектилерге жана Тегерандын өзүнө сокку ура баштаган, имараттар кыйрап, жай тургундар көз жумду. Иран да Израилдин аймагына, ошондой эле АКШнын Жакынкы Чыгыштагы аскер базаларына чабуул жасап жатат.
Иранга сокку Вашингтон менен Тегерандын "өзөктүк досье" боюнча жүрүп жаткан сүйлөшүүсүнө карабастан жасалган. Натыйжада Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи жок кылынды.
Россия АКШ менен Израилдин кол салуусун айыптап, тараптарды согуштук аракеттерди тез арада токтотууга чакырып келет.