Оор атлетика боюнча Москва олимпиадасынын чемпиону, дүйнөнүн төрт жолку, Европанын эки жолку чемпиону, СССРдин эмгек сиңирген спорт чебери Каныбек Осмоналиев учурда машыктыруучулукту аркалап, студенттерге да сабак берип, чоң спорттогу тажрыйбасы менен бөлүшүп жатат. Жакында легендарлуу спортчунун байгесине арналган 37-эл аралык турнир өтүп, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан жана Тажикстандан спортчулар келди. Олимпиада чемпиону машыгуу ыкмалары, жашоо образы, жаштардын спортко болгон ынтызарлыгы тууралуу “Спортбокс” программасында айтып берди.