Милдеттүү ОСАГО полиси жол кырсыгында жабыркаган тараптын чыгымын жапканы менен, күнөөлүү айдоочунун өз автоунаасына келген зыянды компенсациялабайт. Мындай жагдай көпчүлүк айдоочулар үчүн кошумча финансылык тобокелдик жаратып келет. Бул маселени чечүү максатында «КАСКО-Extra» долбоору сунушталды. Жаңы полис ОСАГОну толуктап, жол кырсыгында күнөөлүү деп табылган айдоочунун өз унаасын да камсыздандырууга мүмкүнчүлүк берет. Адистердин айтымында, бул долбоор автоунаа ээлери үчүн жеткиликтүү баада кошумча коргоону камсыз кылат жана камсыздандыруу системасындагы маанилүү боштукту толуктайт.«Ачык кеп» программаларынын алкагында «Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму» ААКтын Камсыздандыруу жана кайра камсыздандыруу департаментинин директору Актан Орозбекович Турумбеков ОСАГО менен «КАСКО-Extra»нын айырмачылыктары, камсыздандыруу суммасы, төлөм тартиби жана жаңы продуктунун артыкчылыктары тууралуу кеңири маалымат берди.