Улут уңгусун түзгөн айымдар: энциклопедиянын орду жана ролу

Sputnik
Өлкөдө “Кыргызстан аялдарынын энциклопедиясынын” 9-томунун жарык көрүшү коомдук маанилүү окуялардын бири болду. Бул эмгек кыргыз аялдарынын ар кыл тармактардагы — илим, маданият, билим берүү, саламаттык сактоо жана коомдук ишмердүүлүк багытындагы жетишкендиктерин чагылдырууга багытталган. Энциклопедия көп жылдык изилдөөлөрдүн жана архивдик материалдардын негизинде даярдалган. Анда өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкон айымдардын өмүр жолу,эмгеги жана коомдогу орду тууралуу маалыматтар камтылган.“Sputnikтенсүйлөйбүз” программасынын алкагында Конгресс женщин Кыргызстананын президенти Замира Акбагышева “Кыргызстан аялдарынын энциклопедиясы” 9-тому тууралуу айтып берди.