Бишкекте өтө турган экинчи Глобалдык тоо саммитине даярдык башталды — кандай темалар талкууланат?

Sputnik
Бишкек шаарында Экинчи Глобалдык тоо саммитине даярдык башталды. Ал 2027-жылдын октябрь айында Кыргызстандын борборунда өтөт. Күн тартибинде планетадагы температуранын жогорулашынан улам өзгөрүп жаткан жашоо шарттарына ыңгайлашуу маселелери негизги орунду ээлейт. Акыркы 20 жылдан бери Кыргызстан эл аралык аянтчаларда климаттык өзгөрүүлөргө байланыштуу маселелерди активдүү талкуулап келет. Өлкөдөгү экологиялык абал боюнча Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Биоресурстар жана өзгөчө корголучу жаратылыш аймактарынын башкармалыгынын адиси Айпери Рысбекова жана өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү бөлүмүнүн адиси Нурислам Токтобеков айтып берди.