Трамп Ирандан багынып берүүнү талап кылды

Sputnik
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп Иран менен согушту Ислам Республикасынын шартсыз багынып берүүсүнөн башка жол менен токтотууга макул болбой турганын билдирди.
“Иран менен багынып берүүдөн башка эч кандай келишим болбойт”, — деп ал Truth Social социалдык тармагына жазды.
Трамп ошондой эле АКШ жана анын союздаштары жаңжал аяктагандан кийин Ирандын экономикасын калыбына келтирүүгө жардам берүүгө даяр экенин кошумчалады.
АКШ Иран жетекчилигине дагы бир Хаменеинин келишине каршы. Трамптын кеби