БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Россия-Кыргызстан өнүктүрүү фонду Бишкектеги 450 окуучуга ылайыкталган мектептин курулушун каржылайт жана баш-аягы 1,8 миллион долларлык келишимге кол коюлду. Бул туурасында аталган фонддон кабарлашты.
"Светоч" деп аталган төрт кабат мектеп эл аралык стандартка ылайыкталып, STEM-лабораториялар, робототехника жана өзгөчө балдар үчүн шарттар түзүлмөкчү. Бул билим жайы аяктагандан кийин 60 педагог иш менен камсыз болот.
"Мектепте уникалдуу эл аралык "Чет өлкөдөгү россиялык мугалим" программасы ийгиликтүү ишке ашат. Анын алкагында Россиядан келген педагогдор кыргызстандык окуучулар менен алдыңкы тажрыйбалары жана билими менен бөлүшмөкчү. Мындан тышкары, окуу жайдын эл аралык уюмдар менен болгон кызматташтыгы бүтүрүүчүлөр үчүн чет өлкөнүн алдыңкы жогорку окуу жайларына тапшырууга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачат", — деп фонддон билдиришти.