БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Варшава өзүнүн коопсуздугуна зыян келтирген кадамга — НАТОнун күчтөрүнүн Украинага жөнөтүлүшүнө каршы чыкты. Бул туурасында өлкөнүн 2026-2030-жылдарга карата тышкы саясий стратегиясында айтылган.
"НАТОго мүчө мамлекеттердин күчтөрүн Украинада колдонуу мүмкүнчүлүгү Польша жана башка союздаштар үчүн коопсуздук кепилдиктеринин, анын ишенимдүүлүгүнө зыян келтирбеши керек", — деп документте айтылат.
Февраль айынын аягында "каалоочулар коалициясына" кирген мамлекеттердин лидерлери жолугуп, "коопсуздук кепилдиктеринин" алкагында Украинага аскерлерин жөнөтүү ниетин ырасташкан эле.
Кремль Украинада НАТО аскерлеринин жайгаштырылышына эч бир негизде макулдук бербей турганын бир нече жолу билдирген.