Пентагон Европанын өзөктүк дараметин өнүктүрүшүнө каршы экенин билдирди

Sputnik
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. АКШ Европанын жеке өзөктүк арсеналын өнүктүрүү боюнча пландарына каршы чыгып, союздаштарын мындай ойдон баш тартууга көндүрүүгө ниет кылып жатат. Бул туурасында Пентагондун саясий маселелер боюнча башчысынын орун басары Элбриж Колби айтты.
Ал Европанын бир катар мамлекеттеринин, анын ичинде Германия, Польша жана Скандинавия өлкөлөрүнүн өзөктүк арсеналын түзүүгө кадам таштап жатканына комментарий берген.
"Албетте, биз буга кескин түрдө каршы чыкмакпыз", — деген Колби Эл аралык мамилелер боюнча кеңеште сүйлөп жатып.
Стратегиялык чабуул койгон куралдарды кыскартуу боюнча Россия менен АКШнын келишими 5-февралда аяктайт. АКШнын мамлекеттик катчысынын эл аралык коопсуздук жана куралдарга көзөмөл кылуу боюнча орун басары Томас Динанно 6-февралда президент Дональд Трамп бул жаатта жаңы макулдашууга баш коюп жатканын айткан. Анын пикирине таянсак, документте Кытай туурасында айтылбагандыктан келишим чийки.
Эскерте кетсек, РФ лидери Владимир Путин 2024-жылдын 19-ноябрында жаңыланган өзөктүк доктринаны бекиткен жарлыкка кол койгон. Документте өзөктүк курал өлкө көз карандысыздыгын башка айла жок калганда коргой турган эң акыркы чара экени белгиленген. Кремль Москва эч кимге кооптуулук жаратпасын, бирок өзүнүн кызыкчылыгына доо кетирүүчү аракеттерди көңүл сыртында калтырбай турганын эскертип келет.
Путин 2023-жылдын 21-февралында Федералдык жыйынга жасаган кайрылуусунда мамлекет Чабуул кое турган стратегиялык курал-жарактын санын кыскартуу боюнча россиялык-америкалык келишимден (СНВ-3) чыгарын жар салган. Ал талкууга кайтуу үчүн Франция жана Улуу Британия сыяктуу мамлекеттердин максатын карап чыгып, алардын стратегиялык арсеналын, башкача айтканда, НАТОнун сокку уруучу потенциалын эске алуу керектигин белгилеген.
СНВ-3 — Россия менен АКШнын ортосундагы куралданууну чектеп турган жалгыз келишим.
Лавров өзөктүк курал келишиминин бүтүшү менен РФ көп нерсеге даяр турарын айтты