БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Ош шаардык патрулдук милиция бөлүмүнүн кызматкери алдамчылыкка шектелип кармады. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кызматкер өткөн жылдын август айында айдоочулук күбөлүк алууга жардам берем деп К.Ы. жана Т.Д. аттуу жарандардан 50 миң сомдон алган. Акчалар инспектор берген реквизиттерге мобилдик банк тиркемеси аркылуу которулган.
Бул факты боюнча аталган кызматкер кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Азыркы учурда тиешелүү тергөө иш-чаралары улантылууда.